• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда тоодон таш кулап, үйдүн дубалын бузуп кеткен. Жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кечээ, 14-февралда саат 09:18дер чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Каракур айылында тоодон 1 куб метр болгон 3 таш жана 5-6 майда таш түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, таш Жалал Капаров аттуу тургундун турак жайынын таштан курулган чарбагынын дубалын бузуп кеткен. Жабыркагандар жок.

Таш кулоо коркунучу бар болгондугуна байланыштуу Жалал Капаров коопсуз жердеги 50-60 метр алыстыктагы кошунасынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн. Турак үйдүн ээсине түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий