• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, 30 жер төшөк жана эки килем күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Оштун Кара-Суу районунун Мачак айылындагы Карабаев көчөсүндө үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак үйдүн бөлмөсүндө 30 жер төшөк жана эки килем күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий