• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, аял киши күйүк алган. Абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, аял киши күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 85 чарчы метр чатыры, 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн.

Өрттүн кесепетинен үйдүн тургуну 52 жаштагы аял киши 2-даражадагы күйүк алып, Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалы оор.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий