• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда уксус ичип алган 1 жаштагы бөбөк каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Кечээ, Кара-Сууда бир жаштагы кыз кокусунан уксус ичип алып, каза болду,-деп билдирди “Кабар” агенттигине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Анын айтымы боюнча, окуя болгондон кийин наристени ата-энеси дароо Кара-Суу райондук ооруканасына алып келишкен.

“Бизге, кечээ, 31-октябрда облустук ооруканага кокусунан уксус ичип алган 1 жаштагы кызды ата-энеси алып келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Чай ичип отурганда уксус куюлуп турган идиштин оозу ачык калып, кыз аны кокусунан ичип алган. Бирок, дарыгерлердин аракетине карабастан наристе бир нече сааттан кийин каза болуп калды”,-деди Аширбаев.

Анын айтуусуна караганда, учурда аталган фактыга байланыштуу бардык документтер чогултулуп, прокуратуранын кароосуна өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий