• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Сууда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-июнунан тартып Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору (КТБ) иштей баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Сарай, Ак-Таш, Савай, Жаңы-Арык, Кашкар-Кыштак, Жоош жана башка жакынкы калктуу конуштарга жалпысынан 400 миңден ашуун калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө эсептелген.

КТБнун кубаттуулугу - бул күнүнө 26 кызматкердин 500дөн ашык жаранды тейлөөсү. Жаңы КТБнын жалпы аянты 340 чарчы метрди түзөт, бул эпидемиологиялык кырдаалды жана жарандардын ыңгайлуулугун эске алуу менен калкка кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Калкты тейлөө борборунда бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Калкты тейлөөнүн ылдамдыгы жана ыңгайлуулугу үчүн, жарандарды документтештирүү процесси, арыздарды кабыл алуудан баштап, документтерди даярдоого жана аларды берүүгө чейин толугу менен автоматташтырылган.

Башкача айтканда, жарандар керектүү документтерди имараттан чыкпастан чогулта алышат.

Калкты тейлөө борбору заманбап шаймандар, ыңгайлуу жумуш орундары, маалымдама зонасы, дивандар коюлган кенен күтүү залы, электрондук кезек жана видео байкоо камералары менен жабдылган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өзүнчө бөлмө каралган.

Калкты тейлөө борбору Ленин көчөсү, 163 дарегиндеги "Кыргызтелеком" ААКнын эки кабаттуу имаратында жайгашкан.

Бул жаңы форматтагы жыйырма алтынчы ири калкты тейлөө борбору, Бишкек шаарында дагы 2 кичи калкты тейлөө борбору бар (шейшемби жекшемби, саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштешет, дүйшөмбү дем алыш).

Пикир

Оставить комментарий