• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Сууда жанаша турган төрт үйдүн чатыры күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Кечээ, 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Турмуш айылынын Ибн-Сина көчөсүндө жанаша турган төрт үйдүн болжол менен 629 чарчы метр чатыры күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт болжол менен саат 20:20да башталган. Саат 21:22де өрт чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн кырсыктагандар болгон эмес.

Алдын ала божомол боюнча, өрт электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (электр зымдарынын кыска туташуусу) келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий