• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда жети метрлик кудукка жаш бала түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Оштун Кара-Суу районундагы Мачак айылында жети метрлик кудукка жаш бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11 жаштагы П.А., аттуу бала туугандары тарабынан кудуктан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Жерине төрт куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий