• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Сууда жол кырсыгынан Өзбекстандын жараны каза болду

Кырсык 0

Ош, 26.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында күн мурун жол кырсыгы катталып, натыйжада Өзбекстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 638-чакырымында белгисиз айдоочу түндүктөн түштүктү карай жолдон өтүп бараткан эки эже-сиңдини коюп кеткен. Алар 1973-жылкы Д.М., жана 1960-жылы туулган Д.М., болгон. Айдоочу кырсык болгондон кийин окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1973-жылкы Д.М., кза болгон. экинчиси ооруканага жеткирилген. Эки эже-сиңди тең Өзбекстандын жараны болушкан.

Патрулдук милиция окуя тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышып, маалымат айтып коюуну жарандардан өтүнөт: “102” нөөмөт бөлүмү же (03222) 2-30-87, (0551) 80-80-88

Пикир

Оставить комментарий