• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суудагы дүлөй балдардын мектебине 110 миң сомго канцелярдык товар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Ушул жылдын 27-сентябрында дипломатиялык корпустун Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Кара-Суудагы дүлөй балдардын жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернатына барышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда бардык түштүк регион боюнча 183 окуучу жашайт жана окуйт.

КР тышкы иштер министринин орун басары Артыкбаев өзүнүн сөзүндө мамлекеттин алгачкы милдеттеринин бири келечек муундун өсүп өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналарын белгиледи. Өлкө келечегин жаштар түзөрүн баса белгилөө менен, ал жаштардын мүмкүнчүлүгүнө жана потенциалына күчтөрдү жана каражаттарды инвестициялоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Сый коноктор атайын мектеп-интернаттын жашоосунун, окуу класстарынын шарттары менен таанышып, анын материалдык камсыздалышы, күнүмдүк проблемалары жана керектөөлөрү жөнүндө маалыматтарды алышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин каражатына интерактивдик доска сатып алынды, «Ассанабил» коомдук-кайрымдуулук фонду жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси деген араб фонддорунун эсебинен 110 миң сом суммасына канцелярдык товарлар сатылып алынды.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) тарабынан 17 миң сом суммасына окуу китептери сатылып алынды. Беларусь Республикасы атайын мектеп-интернатты килем төшөнчү менен камсыз кылды.

Катар элчилиги мектептин жаңы имаратын курууда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экендигин билдирди. Сауд Аравия Падышалыгы балдар үчүн сый тамактарды сатып алууга 70 миң сом бөлдү.

КР ТИМинин башчысынын орун басары А. Артыкбаев жана дипкорпурс тарбиялануучуларга күнүгө көрсөткөн камкордугу жана көңүл буруп тургандыктары үчүн мектептин мугалимдерине ыраазычылыктарын билдиришти жана мындан ары атайын мектеп-интернатка, атап айтканда, ушундай иш-чараларды өткөрүүдө ар түрдүү көмөктөрдү көрсөтүп турууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий