• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кара-Суудагы обсервацияда жаткан жарандар жеке клиникага которулду

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Кара-Суу районундагы обсервацияда жаткан жарандар бүгүн, 4-апрель күнү Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы 65 орундуу жеке клиникага которулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, ал жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Дары-дармектер жетиштүү.

"Учурда обсервация иштеринин алгоритми өзгөртүлдү. Кытай мамлекетинен келген ыкчам тесттер менен текшерүү жүргүзүлүп, COVID-19 оорусу байкалбаган жарандар үй карантинине чыгарылып, көзөмөлдө болушат", - деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий