• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суудагы сел. Бишкек – Ош унаа жолу ачылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жаандан улам сел суусу каптап, жабылып калган Бишкек – Ош унаа жолу саат 22:15те ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптап, унаа жол жабылып калган.

Жерине КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун акими, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, №956 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч тартылган. Тазалоо иштеринин натыйжасында саат 22:15те унаа жол толук тазаланып, ачылган.

Пикир

Оставить комментарий