• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суудагы «Туратали базарында» өрт чыгып кетүү коркунучу жаралууда

Аймак 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали базары» өтө кооптуу абалда турат.Тагыраак айтканда, аталган базар өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамэкотехинспекциянын өрт коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы тарабынан жана ӨКМдин өрт өчүрүүчү адистери менен биргеликте атайын машыгуу өткөргөн кезде, базардын ичине автоунаа кирүүгө мүмкүн болгон жок.

"Буга чейин базардын жетекчилигине инспекторлор тарабынан бир нече ирээт эскертүүлөр берилген. Кооптуу абалды жөнгө салуу боюнча атайын иш чаралар өткөрүлгөн. Бирок тилекке каршы «Туратали базарынын» жетекчилиги шалаакылыктын айынан эч кандай талаптарды аткара элек. Мамэкотехинспекциянын адистери берген талап боюнча ири базарларда атайын өрткоопсуздугунан сактануучу шаймандар турушу керек. Ошондой эле чукул кырдаалдар учурунда базарлардын ортосундагы элдер өтүүчү жолдор ачык болушу тийиш. Ал эми базарларда атайын суу өтүүчү түтүкчөлөр ачык жерде болуп, кокус кыйчалыш учурда суу алууга дагы оорчулук туудурбашы керек. Ал эми электр өтүүчү мамычалардын орнолушу дагы жабык түрүндө болуп, элдер өтүүчү жайлардан оолак жайгашуусу керек эле. Бүгүнкү күндө бул талаптар таптакыр аткарылбагандыктан Инспекторлор бул жагдайды тез арада чечүү үчүн, ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий