• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кара түтүн менен күрөш: Бишкекте дагы 19 отказан газга өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарында абаны таза кармоо маселеси курч бойдон калууда, түтүнгө каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын отказандарын жаратылыш газына өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Муниципалитет тарабынан мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, ал эми “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын атынан Болот Абилдаев кол койду.

Документ “Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 2021-2023-жылдарга экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын” ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
Планга ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына чейин "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 19 от казаны жаратылыш газына өткөрүлөт.

Анын ичинде:№7 орто мектеби, №15 орто мектеби, № 32 орто мектеби, №40 орто мектеби, №41 орто мектеби, №49 орто мектеби, №54 орто мектеби, №59 орто мектеби, №74 мектеп лицейи, №75 мектеп лицейи, №12 бала бакчасы, №152 бала бакчасы, №23 орто мектеби, №82 орто мектеби, №96 орто мектеби, №19 орто мектеби, №187 бала бакчасы, “Байыр” отказаны.

Белгилей кетсек, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы 66 отказанды камтыйт, анын ичинде: 21 отказан – көмүр менен, 23 - газ менен, 11-электр энергиясы жана 11- бириккен. Жылына шаардык бюджеттен отказандарын кармоого жана тейлөөгө болжол менен 36 млн сом бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий