• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кара тизме" кыскарды. 47 миңдей кыргызстандык эми Россияга кире алат

Коом 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Мурда Россияда “майда” административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын РФга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим КР Тышкы иштер министрлигинин россиялык тарап менен жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында кабыл алынган.

"Ошентип, Россияда “майда” административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Кыргызстандын 35 миңге жакын жараны Россияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде, анын ичинде орус сотунун чечиминин негизинде Россиядан чыгарылгандар да калды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн статусун Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтындагы “Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жоктордун Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө үчүн негиздер бар экендигин текшерүү” сервисинен текшере алышат.

Пикир

Оставить комментарий