• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Кара-Жыгач» конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Билим 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-июнда «Кара-Жыгач» конушунда бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, капсула салуу салтанатына Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов жана конуштун жашоочулары катышты.

«Жаңы курулуп баштаган бала бакча эки кабаттуу болуп, 140 бала ылайыкташкан",-деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.

Курулуш иштери менен «Олимп и КО» ЖЧК алектент, компания тендерден жеңип алган.

Эскерте кетсек, бул жылы муниципалитет 5 бала бакча жана 5 мектеп курууну көздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий