• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Жыгач–Сары-Челек жолунда асфальттоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жылгын айылындагы Кара-Жыгач–Сары-Челек авто жолунда асфальттоо жумуштары башталды. Бул тууралуу Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы Кара-Жыгач–Сары-Челек авто жолунун 1275 метрин асфальттоо жумуштары пландалган.

Ошондой эле 2021-жылдын 20-июнь күнү Кашка-Суу айыл аймагындагы Падыша-Ата күмбѳзүнѳ чейинки авто жолунда грейдерлѳѳ, сүрүп тегиздѳѳ, жолдорду кенейтүү жумуштары жасалды.

Пикир

Оставить комментарий