• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кара-Жыгачта курулушу башталган №47 кесиптик лицейдин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курулушу башталган №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги ишке ашырууда. 120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо өңдүү багыттар боюнча үч жылдык билим берилет. Студенттер үч маал тамак, стипендия жана жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле алар үчүн тиешелүү окуу шарттары түзүлөт.

Пайдубалына капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн төрага билим берүү тармагына кошулган салым – өлкөнүн келечегине карата жасалган инвестиция экенин баса белгиледи.

“Жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салып жатканыма абдан кубанычтамын. Буйруса, бул имарат пайдаланууга берилсе IT-технология тармагы боюнча көптөгөн адистердин билим алып чыгуусуна шарт түзүлөт. Айрыкча, долбоордун Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында башталгандыгы жакшы жышаан. Биздин турмушубуз заманбап технологиялар менен тыгыз байланышта экенин эске алганда да, аталган тармак боюнча адистердин арбын болушу өтө маанилүү. Андыктан, ушул имараттан билим алган адистер өлкөнүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылат деген ишеничтемин. Муну менен катар ушундай эле окуу мекемелерин өлкөнүн бардык облустарына ачуу мерчемделип жатканын белгилеп кетким келет”,– деди Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий