• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кара-Жыгачта мас айдоочу 3 жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн, бирөө жаш бала

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.17./Кабар/. Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-ноябрда болжол менен саат 15:05 катталган.

“Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барышкан. Кара-Жыгач айылында жеңил унаанын айдоочусу мас абалында унаасын башкарып бара жатып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Экөө аял, бирөө жаш бала. Ал эми айдоочусу жабыркап, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий