• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Карагандада эки жашар бала стоматологиялык клиникадан көз жумду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Карагандада эки жашар бала шаардын стоматологиялык клиникаларынын биринде вена аркылуу анестезия жасоодон кийин көз жумганын казакстандык ЖМКлар билдиришет.

Жоготуу болгон үй-бүлөнүн курбусу билдиргендей, баланын ата-энеси Россиянын жарандары, ал эми окуя 22-февралда болгон. Аялдын айтымында, ал күнү июнда экиге толо турган Семендун ата-энеси уулун тишин дарылатууга жеке стоматологиялык клиникага алып барышкан.

Ата-энеси клиникадан эки документке кол коюшкан: бейтаптын анестезияга макулдугу тууралуу жана стоматологиялык кийлигишүүдө дарыны колдонуунун мүмкүн болгон тобокелдиктери тууралуу маалымдама.

“Баланын энеси дарыгерлерди уулунун кээ бир азыктарга аллергиясы бар экенин тууралуу эскерткен. Анестезия жасоонун алдында дарыгерлер аллергиялык реакцияга сыноо жасашкан эмес”,- деди Ольга Никулина. Анын айтымында, дары сайышары менен Семен өзүн жаман сезип баштаган. “Жүрөгү токтоп калган. Алар аны өздөрү куткарып калууну чечишип, адреналин сайышат, андан соң тез жардам чакырышкан”, - деди Никулина.

Бала беш мүнөткө жакын клиникалык өлүм абалында болгон. Тез жардам ыкчам келген.

“Жүрөгүн иштетип, аны ооруканага жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти. Жүрөгү токтоп калгандыгынан улам, өпкө жана мээсине шишик кеткен, бир нече убакыттан соң мээси сезбей калды. Болжол менен эки сааттан кийин бала чарчап калган”, - дейт Ольга. Баланын ата-энеси полицияга арыз жазышты. Анын сөөгүн Россиянын Омск облусуна алып кетишкен. Семенду ошол жактан коюшкан. Клиника маалыматты тастыктаган.

“Клиникада ушундай факт болгон. Баланы тез жардам алып кеткенде, жүрөгү иштеп жаткан. Тез жардам аны ошол абалда алып кеткен. Башка эч нерсе айта албайм”, - дешти клиникадан.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий