• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караганды облусундагы шахтада кырсык болуп, бир жумушчу изделүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек 14.01.21. /Кабар/. 13-январь күнү кечинде Караганды облусунда жайгашкан Ленин атындагы шахтада бургулоо иштеринин жүрүшүндө газ менен көмүрдүн иси тараган.

Расмий маалыматтар боюнча кырсык болгон маалда шахтада 137 жумушчу болгон. Азыр алардын 136сы сыртка чыгарылып, калган бир адамды издөө иштери уланууда.

Шахтага ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы бургулоо иштерин аткарып жаткан бир машинист чыга албай калганын, учурда шахтадагы истин көлөмү тиешелүү деңгээлге төмөндөгөнүн кабарлады.

Караганды облустук акимчилиги кырсыкты иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Ленин атындагы шахта 1964-жылы ачылып, 1968-жылы «Наклонная» шахтасы менен бириктирилген. 1996-жылы бул шахталар менен катар башка бир нече шахта, ошондой эле Темиртаудоагы металлургиялык комбинат индиялык миллиардер Лакшми Миталлдын компаниясынын карамагына өткөн.

1970-жылдардан бери Ленин атындагы шахтада адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык болгон. Алардын эң ириси 2006-жылы катталып, метандын жарылуусунан 41 жумушчу каза болуп, жетөө жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий