• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Карагандыда аскер учагы кыйрады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Караганды облусунун Бухар Жырау районунда Казакстандын Коргоо министрлигинин МиГ-31 учагы кыйрады. Окуя 16-апрелде аскердик нөөмөткө даярдануу маалында болгон.

Бортто эки учкуч болгон, экөө тең тирүү. Казакстан Коргоо министрлиги маалымдагандай, учак абага көтөрүлгөндөн кийин кыймылдаткычтарынын бири күйүп кеткен.

«Катапульттоо тууралуу буйрук алгандан кийин аскер учкучтары учакты калктуу конуштан талааны көздөй буруп, кишилерге коркунуч жаралбай турганына көздөрү жеткен соң экипаж учактан секирип кетти», — деп айтылат билдирүүдө.

Авиакырсыктын себебин иликтөө үчүн атайын комиссия дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий