• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Карагандыда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы Казакстандын аймактарына жөнөтүлө баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.02.21 /Кабар/. Жакында казакстандыктарды Караганды фармацевтикалык комплексинде өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат. Бул тууралуу өлкөнү дары-дармек менен камсыздаган «СК-Фармация» дистрибьютору кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-февралда заводго иш сапар менен өлкөнүн премьер-министри Ералы Тугжанов келет. Иш-чаранын алкагында комплекстен вакциналарды жүктөө формалдуу түрдө старт алат.

Эртең 90 миң доза жүктөлүп, Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Актөбө шаарларына жеткирилет. Ал жерлерден «СК-Фармация» вакциналарды аймактарга таркатып берет.

Пикир

Оставить комментарий