• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Карагандыда полиция автобустарга ок аткан кишини издөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Карагандыда полиция автобус жүргүнчүлөрүнө ок аткан кишини издөөдө. Окуя 8-октябрь күнү кечинде болгон. Полициянын маалыматына караганда, «45 квартал» аялдамасынын маңдайында белгисиз бирөө үч автобустун терезесин көздөй пневматикалык тапанчадан ок аткан.

Эки автобуста бери дегенде 40, үчүнчүсүндө 100дөн ашуун жүргүнчү болгон.

Караганды облустук ички иштер департаменти окуядан эч ким жапа чекпегенин билдирди. Шектүү автобустарга канча жолу ок атканы азырынча айтыла элек. Полиция автобус салондорунун биринен диаметри 4,5 миллиметрлик октун бөлүгүн тапкан.

«Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду, шектүү кармала элек.

Казакстан мыйзамдары боюнча калибри 4,5 миллиметрден ашкан пневматикалык курал колдонууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий