• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Карагандыдагы ири металлургия комбинатында авария болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. 4-сентябрда Карагандыдагы «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын металлургия комбинатында авария болуп, төрт киши жаракат алды. Алардын денеси күйгөн, көгала болгон.

- №3 конвертерде жумуш жүрүп жаткан кезде тарс деген үн чыкты, аны менен кошо айланага буу менен ысык аба тарады. Анын кесепетинен төрт жумушчу жабыр тарты. Мамлекеттик органдарга убагында кабар берилди. Окуянын себептери иликтенүүдө, – деди компаниянын басма сөз кызматынын өкүлү.

Жабыр тарткан кишилердин экөө травматология борборуна, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

2018-жылы ноябрда металлургиялык комбинатта ири авария болуп, комбинат жумушун жарым-жартылай токтоткон. Анда беш киши жабыр тарткан.

Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинат 1950-жылдардын аягында курулган. СССР тарагандан кийин комбинат жабык тендер аркылуу индиялык миллиардер Лакшми Митталдын колуна өткөн. «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы Караганды аймагындагы көмүр кендерине да ээлик кылат.

Пикир

Оставить комментарий