• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Карагулов КРнын Жакынкы, Ортоӊку Чыгыштагы жана Түштүк Азиядагы тышкы саясий милдеттери жөнүндө айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директору Азамат Карагулов Кыргыз Республикасынын Жакынкы, Ортоӊку Чыгыштагы жана Түштүк Азиядагы тышкы саясий милдеттери жөнүндө айтып берди.

Жакынкы, Ортоӊку Чыгыш жана Түштүк Азия аймактары адамзатынын эң байыркы маданияттарынын очогу болуп эсептелинип, бүгүнкү күндө алар Түндүк Африкадан баштап Орто Азияга чейин, Индостан субконтинентин камтыган көптөгөн субэтникалык жана тектеш тилдүү калктар жана өлкөлөр. Аймакта 2.5 миллиардтан ашык адам жана дүйнөнүн ири экономикалары жайгашып, дүйнөдөгү өндүрүлгөн энергиянын болжол менен 10 дон 7 пайызына ээ. Аталган аймактардын дүйнөлүк саясатына жана экономикасына таасири өтө чоң деп айтса болот.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүнө жетишкенден баштап эле чөлкөмдүн дипломатиясынын эӊ ири жана салмактуу борборлору менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, тышкы саясий максаттарын баамдап, кызыкчылыктарын жактап келген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Индияда, Пакистанда, Иранда, Афганистанда, Катарда, Кувейтте, Бириккен Араб Эмираттарында жана Сауд Араб Падышалыгында Элчиликтери бар.

Өлкөбүздүн чет мамлекеттердеги мекемелеринин узак мөөнөттүү иш-аракеттери, Кыргыз Республикасынын Өкүлчүлүктөрү жок өлкөлөрдү камтуу менен бирге, ар кандай тармактарда жигердүү кызматташууга жетиштүү негиз түздү. Ошол эле учурда, кыргыз дипломатиясынын негизги милдеттери болуп, өнүккөн достук мамиледеги мамлекеттер менен саясий диалогдун тең салмактуулугун сактап, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташууну алга жылдыруу, жарандарыбыздын жана мекендештерибиздин укуктарын кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Аталган аймактарда, айрыкча Ортоӊку жана Жакынкы Чыгыштагы саясий процесстердин учурдагы динамикасы кандайдыр бир жол менен Борбордук Азияга жана айрыкча Кыргызстанга ар кандай таасири тийиши ыктымалдыгын дагы моюнга алыш керек. Айрым субрегионалдык аймактардын чоң жаӊжал потенциалы колониалдык доордун натыйжасында чечилбеген аймактык, чек ара жана суу талаштары менен байланыштуу. Ал эми идеологиялык жана диний карама-каршылыктар айрым мамлекеттердин өсүп жаткан амбицияларына негизделген.

Дүйнөдө неореалисттик тенденциялардын күчөшү биздин өлкөнүн тышкы саясатынын прагматикалык мүнөзүн аныктайт. Тышкы иштер министрлигинин милдети саясий өз ара аракеттенүү параметрлерин, соода мамилелерин өнүктүрүүнүн реалдуу потенциалын, анын ичинде аймактык саясий милдеттенмелерге дал келишин, карама-каршы келчү жагын изилдөө болуп саналат. Ушуга байланыштуу, биз эл аралык саясаттын негизги борборлору менен ишенимди бекемдөө чараларын иштеп чыгып, кызыкчылыктардын балансын сактап калуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Ортоӊку жана Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын оӊ динамикасы менен мүнөздөлөт. Министрлик Кыргыз Республикасынын Президентинин региондогу негизги мамлекеттерге - Индияга, Сауд Арабияга жана Араб Эмираттарына расмий зияраттарын өткөрдү. Чөлкөмдүн алдыңкы мамлекеттери Кыргызстан менен узак мөөнөттүү жана өз ара кызматташууга кызыкдарлыгын билдирип келишет. Мисал катары айтып өтсөк, Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу алкагында Ирандын президенти, Индиянын жана Пакистандын премьер-министрлери, Афганстан, Иран, Индия жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Бишкекке расмий сапары менен келишти.

Өткөн жылдын июнь айында Өлкө башчыбыз Меккеде өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун юбилейлик 14-саммитине катышты. Ал иш-чара эл аралык жана чөлкөмдүк мамилелердеги араб-ислам системасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелинет. ИКУнун жана анын тиешелүү институттарынын иш-аракеттерине Кыргыз Республикасынын катышуусу бизге ислам дүйнөсүндөгү учурдагы тенденцияларды байкап турууга, глобалдык жана регионалдык процесстердин багытын болжолдоого, ошондой эле мусулман дүйнөсү менен көп тараптуу саясий жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Муну менен катар, биздин дипломатиялык мамилелерибиздин географиясы кеңейүүдө. 2019-жылы Кыргызстан Кабо-Верде, Камерун жана Мозамбик менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Министрлик өз ара мамилелердин укуктук базасын кеңейтүүнүн алкагында Индия, Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Афганстан жана Кувейт менен кызматташуунун ар кандай чөйрөлөрүндө 39 ар тараптуу келишимдерге кол койду.

Министрлик Индия, Пакистан, Иран, Сауд Арабия, Араб Эмираттары, Кувейт жана Катар менен парламенттер аралык мамилелерди бекемдөө жаатындагы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн бекемдөөнү камсыз кылды. Сауд Арабиянын жана Кувейттин парламенттеринин спикерлери Бишкекке сапар менен келип кетишти, ал эми Индия жана Пакистан парламенттеринин төрагаларынын иш сапарлары күтүлүүдө.

Биз региондогу мамлекеттердин тышкы иштер органдарынын башчыларынын деңгээлинде ишенимдүү жеке байланыштарды түзүүгө чоң маани беребиз. Жыл ичинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков бир катар расмий жана жумушчу сапарлары менен, чөлкөмдөгү өлкөлөргө - Сауд Арабияга, Индияга, Араб Эмираттарына, анын ичинде эл аралык жана регионалдык уюмдардын иштерине катышты.

“Индия - Борбордук Азия + Афганистан”, Азия Кызматташтык Диалогу, “Азия жүрөгү - Афганистан үчүн Стамбул процесси”, Араб өлкөлөрүнүн лигасы + Борбордук Азия, Булуң араб өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңеши - Борбор Азия жана аймактык диалог аянтчалары келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Жогоруда аталган диалог аянтчаларын жигердүү колдонуу мамлекеттер аралык мамилелердин палитрасын өнүктүрүүгө эң жагымдуу шарт түзүүгө көмөктөшөт. Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде Иран, Кувейт, Араб Эмираттары, Афганистан жана башка мамлекеттер менен Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы саясий кеңешмелер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Кыргыз дипломаттары чөлкөмдүк жана эл аралык форматта Афганистан боюнча форумдарга, комиссияларга жана жумушчу топторго байма-бай катышып келет.

Тышкы мамилелердин саясий компоненти менен катар, экономикалык дипломатиянын милдеттери, албетте, Тышкы иштер министрлигинин маанилүү милдеттеринин бири бойдон калууда. Ошол эле учурда, биз кызматташуунун "саясий базисин" жана анын "үстүнкү" экономикалык этаптарынын принциптерин албетте эске алабыз. Айрыкча, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн реалдуу өбөлгөлөрүн изилдеп, андан кийин соода, бажы жана логистикалык иштерин жөнгө салуучу мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана жакындаштыруу саясатын жүргүзөбүз, ошондой эле укуктук-келишимдик мамилелерди алдыга жылдырабыз.

2019-жылы Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Иран, Араб Эмираттары, Кувейт, Сауд Арабиясы жана башкалар менен соода-экономикалык, маданий, гуманитардык, илимий-техникалык кызматташтыгы боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиялардын отурумдарын өткөрүштү.

Биздин өлкө учурдагы экономикалык кызыкчылыктар менен катар, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана улуттук экономиканын тышкы факторлорго алсыздыгын азайтуу максатында, аймактык жана эл аралык экономикалык интеграциянын стратегиялык багытын көздөйт. Ошол эле учурда айрым тышкы экономикалык багыттарды олуттуу чектеген себептердин бири - дүйнөнүн алдыңкы экономикалык жана транспорттук инфраструктураларына түз чыгуунун жоктугу. Бул көйгөйдү эске алуу менен, биз жалпы региондук мүнөздөгү транспорттук жана коммуникациялык долбоорлорду колдойбуз жана эл аралык транспорттук, логистикалык жана маалыматтык-коммуникациялык кызматтардын потенциалын колдонууга умтулабыз.

Биз конкреттүү чөйрөлөрдөгү стратегиялык максаттарды жана программалык документтерди жетекчиликке алып, дүйнөлүк эл аралык институттар, региондук экономикалык жана каржы уюмдары менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүп жатабыз. Бул жаатта Ислам Кызматташтык Уюмунун потенциалын тартуу азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууда өтө маанилүү, ал эми Араб өнүктүрүү фонддору менен кызматташуу биздин өлкөдө инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн насыяларды жана гранттарды тартууга багытталган.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Араб өнүктүрүү фонддору менен ийгиликтүү кызматташуусу өлкөбүздүн мамилелериндеги өзгөрүүлөрдүн натыйжасы экендигин белгилей кетким келет. Ушуга байланыштуу жана жогорку жоопкерчилик менен, региондогу насыялык фонддор менен биргелешип, ак ниеттүү жана ишенимдүү өнөктөштүн имиджин түзүү дагы бир маанилүү маселе деп эсептейбиз.

Тышкы иштер министрлиги маданий, билим берүү, интеллектуалдык алмашуу жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн тышкы мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга умтулат. 2019-жыл бул багыттагы бир топ натыйжалар болду. Биздин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр мамлекетибиздин региондордо кеңири таанылышына жетишүү үчүн жигердүү аракеттерди кылып жатышат.

Араб мамлекеттеринин көңүлүн бурган Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын 2018-жылдын күзүндө өткөрүү жакшы мисал. 2019-жылдын март айында Сауд Арабиясында Эл аралык Төө фестивалы болуп өттү, ага миңден ашуун кыргызстандык спортчулар жана сүрөтчүлөр катышты. Фестивалдын жабылыш аземине, Сауд Арабия Падышасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы баштаган делегация катышты.

Араб булуңундагы өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын позитивдүү туризмин жана ишкердик имиджин жайылтуу максатында, өткөн жылы Кувейт, Катар, БАЭ жана Индияда Кыргыз Республикасынын экономика жана маданият министрликтери менен биргелешкен Silk Road Show иш-чаралары өткөрүлдү. Ушундай иш-чаралар региондун башка өлкөлөрүндө да пландаштырылууда.

2019-жылы Шарджа-Бишкек-Шарджа жана Кувейт-Ош-Аль-Кувейт каттамдарынын ачылышы маанилүү окуя болду. Араб мамлекеттеринен кошумча учуулар Кыргыз Республикасына араб туристтеринин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түздү - ар кандай эсептөөлөр боюнча 2016-жылы 5 миң адамдан, 2019-жылы 20 миң туристке чейин жеткен.

2019-жылдын октябрь айында Афганстандын Кичине жана Улуу Памириндеги боордош этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамдын өкмөттүк экспедициясы тарабынан жеткирилиши 2019-жылдын октябрь айында ийгиликтүү ишке ашырылгандыгы өзгөчө белгиленет. Ошондой эле коронавирустун коркунучтарын алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын июнь айында дагы бир өкмөттүк экспедиция түзүлүп, памирлик кыргыздарга азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кече жеткирилди.

Жалпысынан, 2019-жыл тышкы саясаттын чыгыш багытында өтө жемиштүү деп мүнөздөлөт. Түштүк Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрбүз Кыргыз Республикасынын эгемендигин кеңейтүүнүн жана көзкарандысыздыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө байланыштуу милдеттерин толугу менен бөлүшө тургандыгын белгилей кетиш керек. Натыйжада, алардын жалпы максаттары кызматташууну сөзсүз түрдө жандантууга багытталган. Ошол эле учурда, кыргыз дипломатиясында Чыгыш өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде тең салмактуу өнөктөштүктү камсыз кылуу үчүн жетиштүү кудуреттерибиз бар.

Ошол эле учурда, экономикалык базанын пайдубалын түптөөдө Министрлик жетишкен ийгиликтүү натыйжаларга карабастан, Чыгыштын бир нече мамлекеттери менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык тийиштүү өнүгүүнүн үлүшүн алган жок. Соода мамилелеринин кеңири өнүгүшү, ошондой эле биздин өлкөнүн экспорттук потенциалынын анча маанилүү эместиги жана алардын Евразия базарларына багытталышы менен тоскоол болууда. Башка себептердин катарында, биздин өлкөнүн жеке капиталы соода мамилелерин өнүктүрүүгө начар катышкандыгын белгилей кетким келет.

Тышкы иштер министрлиги кызматташтыктын тармактык түрлөрү боюнча башка ведомстволор менен жогорку жоопкерчиликти бөлүшөт, бул Араб мамлекеттеринин аймагында тиешелүү ведомстволордун өз көзкараштары жана экономикалык стратегиялары жок экендигин көрсөтөт. Жеке сектордун жигердүү катышуусу менен ведомстволор аралык мамилелерди чыңдоо - ар кандай өлкө менен мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги принциптеринин бири.

Айрыкча Жакынкы жана Ортоӊку Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалдын туруктуу курчушу, биз иш алып барып жаткан региондордо мекендештердин кызыкчылыктарын алга жылдыруу үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгын моюнга алуу керек. Аймакта ислам аралык жана араб аралык карама-каршылыктар күчөп, аймактын тез куралдануу менен коштолууда. Ушуга байланыштуу, бүгүнкү Кыргызстандын тышкы саясаты татаал эл аралык шарттарда чеберчилик менен иш жүргүзүп, ар дайым өз ордун издеп келет. Биздин чет өлкөлүк мекемелер региондогу учурдагы тенденцияларды активдүү байкап турушат жана бара-бара аймактын башка мамлекеттерине Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы баштапкы чекиттерге айланган багытты болжолдошот.

Тилекке каршы, коронавирустун келип чыгышы жана анын дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде араб өлкөлөрүндө да жайылышы, 2019-жылы жетишилген келишимдердин аткарылышын басаңдатып, 2020-жылга карата артыкчылыктарды андан ары өркүндөтүүгө оңдоолорду жана тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө алып барды. Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу максатында министрлик Бириккен Араб Эмираттарынан, Катардан, Кувейттен, Араб кайрымдуулук уюмдарынан жана Ислам Өнүктүрүү Банкынан гуманитардык жардамдарды тартуу боюнча иштерди жүргүздү.

Биздин оюбузча, мындан ары коронавируска байланыштуу жагдай кыргыз тараптан кыйла реалдуу мамилелерди, кызыкчылыктарга жана стратегиялык максаттарга, биринчи кезекте аларды ишке ашыруу механизмдерине карата реалдуу кадамдарды жасоону талап кылат. Жакынкы Чыгыш аймагындагы аскердик-саясий кырдаал турукташкан соң гана кеңири кызматташууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Белгилей кетүүчү жагдай катары, Кыргызстандын тышкы саясий багыттарынын калыптанышына өлкөбүздөгү коомдук-саясий процесстер олуттуу таасирин тийгизип жатат. Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын тышкы саясаттагы чыгыш багытындагы милдеттери ата мекендик илим, саясат таануучулар жана чыгыш таануучулар үчүн олуттуу жана келечектүү милдеттерди жаратат. Элдердин, тилдердин жана маданияттардын эбегейсиз зор үй-бүлөсүндө кыргыз улутунун өз ара мамилесинин негизги принциптери дагы деле толугу менен изилделе элек.

Пикир

Оставить комментарий