• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Каракалпакстанда кудуктан үч наристе менен алардын энесинин сөөгү табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. 28-мартта Каракалпакстандын Хожели районунда кудуктан үч кичинекей бала менен алардын энесинин сөөгү табылды. Алар кырсыкка кабылганы же суицидге барганы белгисиз.

Трагедияга кабылган үй-бүлөнүн кошуналарынын биринин айтымында, мерт болгон балдардын эң күчүүсү сегиз айлык, ортончусу эки, улуусу үч жашта болгон.

"Үйүбүздүн жанында ачык кудук бар, тосулган эмес. Айылда суу түтүктөрү жок, буга байланыштуу жергиликтүү жашоочулар суунун кудуктан алышчу. Балдар кокустан түшүп кетишкенби же аларды өлтүрүп туруп, кудукка таштап салышканбы, белгисиз. Кечээ эртең менен алардын сөөгүн алып чыгышты. Милиция маркумдар турган үйдү курчоого алды", – деди ал.

Кырсык учурунда атасы үйдө болбогону айтылууда.

Хожели районунун ички иштер бөлүмү 32 жаштагы аял менен анын балдарынын өлүмү боюнча териштирүү иштерин баштады.

“Азаттыктын” тажик кызматынын укук коргоо органдарындагы булагы билдиргендей, маркумдардын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн. “Анын жыйынтыгы боюнча балдардын кенжеси менен ортончусунун денесинен кыйнап думуктуруунун белгилери табылган. Ал эми балдардын улуусу менен энеси кудуктун ичинен жан берген. Бул массалык киши өлтүрүү же суицид болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Бирок бүтүм чыгарууга эрте”, – деди өз булак.

Пикир

Оставить комментарий