• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракалпакстанда Ромео менен Жульетта бири-бирин бычак менен сайып, кыз каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Каракалпакстандын Канлыкөл районунда 21 жаштагы кыз менен 24 жаштагы бала көрүстөндө бири-бирин бычак менен сайып, жыйынтыгында кыз каза болуп калган.

Өз булактардын маалыматына караганда, окуя быйыл 1-мартта болгон. Бирок ал тууралуу 25-мартта гана белгилүү болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаштар кыз-жигит болуп үч жыл сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок февралда кызды канлыкөлдүк башка бала ала качып кеткен.

«Кыз Нукуста окучу. Ал окууга кеттим деп мурдагы жигити менен качып кеткен. Алар райондук базардан эки чоң бычак сатып алып, айылдардын бириндеги көрүстөнгө барышкан. Анда экөө бири-бирине бычак сайып, бала бул тууралуу агасына телефон аркылуу кабар берген», — деди тургундардын бири.

Райондук ооруканадан кабарлашкандай, кыз жолдо каза болуп, бала жаракаттары менен реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Маалыматтарга караганда, бала өткөн жумада ооруканадан чыккандан кийин дароо камакка алынып, ага карата «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, бала өлтүрүү максатында кызды моюнга жана жүрөккө бир нече жолу сайып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.

Пикир

Оставить комментарий