• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каракчылыкка шектелип эки жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Каракчылыкка шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 16-июлда Ысык-Ата райондук милициясына Кант шаарындагы дүкөндөрдүн бирин белгисиз адамдар тоноп кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой, 16-июль күнү болжол менен саат 03:40та белгисиз адамдар дүкөнгө келип опузалап 25 миң сом акча алып кетишкен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 202-берене ("Карактоо") боюнча каттоого алынган.

Милициядан белгилешкендей, окуяга тиешеси бар деп 22 жаштагы Ч.Е. жана 24 жаштагы А.Б. кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий