• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каракол аэробекети калыбына келтирилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасынын Үчүнчү фазасын даярдоо (CARs-3) үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү Трасттык фондунун алкагында берилүүчү грант жөнүндөгү макулдашуу-каттын долбоорун жактырды.

Каракол шаарынын аэробекетинин аймагына үйлөр салынып калганын эске салган депутат Максат Сабиров бул калаага аэробекеттин анчалык деле зарылдыгы жок экенин белгиледи. «Силер долбоор түзүп жатасыӊар, бирок андагы калган жер аэробекеттин талабына жооп бербейт», - деди ал.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Ысык-Көл аймагынын инфратүзүмүн өнүктүрүү долбоорунун алкагында Каракол шаарындагы аэробекетти калыбына келтирүү чарасы каралганын белгиледи. «Эгерде биз тоо туризмин өнүктүргүбүз келсе, анда аэробекет болушу керек», - дейт ал. Мындай пикирди тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев да колдоду.

Пикир

Оставить комментарий