• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Каракол" аэропортун куруп жаткан эки жумушчу каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. "Каракол" аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки киши каза болду. Бул тууралуу агенттикке Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 5-июнда болжол менен саат 17:30дар чамасында конструкция үч жумушчуну басып калган, алардын бири 1978-жылы туулган А.Р.К., жеринде алган жараатынан мерт кеткен.

Ооруканага 1970-жылы туулган О.А.Т., жана 1981-жылы туулган Б.А., жеткирилген, жабыркагандардын бири 42 жаштагы Б.А., реанимацияда каза болгон.

Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий