• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каракол аэропортундагы кырсык. Мамлекет каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтөт

Аймак 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов Караколдогу аэропортту куруп жатып мерт кеткен жумушчулардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Иманбетов маркумдардын жакындарына көңүл айтып, аларга жана жабыркаган жарандын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Облус башчысы ошондой эле кырсыкта жараат алган Адылбек Осмоновдун абалынан кабар алды. Ал учурда Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.

Белгилей кетсек, буга чейин "Каракол" аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки киши каза болгондугу кабарланган.

Каза болгондор:
• Азамат Байгелдиев Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын тургуну, 1981-жылы туулган. Артында жубайы жана үч баласы калды.
• Рустам Аманкулов ушул эле айылдын тургуну, 1978-жылы туулган. Артында жубайы жана төрт баласы калды.

Жабыркаган:
• Адылбек Осмонов Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын тургуну, 1970-жылы туулган.

Пикир

Оставить комментарий