• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол-Эңилчек автожолуна кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Каракол- Эңилчек автожолунун 81-82-чакырымын кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган автоунаа жолуна 6-апрелде кар көчкү түшкөн. Учурда жол бир тараптуу тазаланып, автотранспорт каттамы үчүн ачылган.

"Учурда кар кѳчкү коркунучу 81-85-чакырым аралыгында сакталгандыгына байланыштуу каттам убактылуу чектелип, саат 5:00дөн 11:00 аралыгында жүргүзүлүүдѳ. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керек. Азыркы учурда жолдун 81-82-чакырым бѳлүгүн кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат", - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий