• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-майда нөшөрлөп жааган жаан карга айланып, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолоруна калың кар жааган.

Райондун малчылары жайлаган Сырт өрөөнүнө 55 сантиметрге чейин жааган кардан улам, жолдор жабылып малчылар менен байланыш убактылуу токтогон.

Ошондой эле калың жааган кардан улам, Каракол – Эңилчек унаа жолуна көчкү түшуп, жол жабылган.

Жеринде 7 техника иш алып барып, учурда Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери улантылууда.

Кечээ, 1-июнда Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов, Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн башчысы Т.Асакеев менен биргеликте 20:00дө Чоң-Ашуу ашуусуна жөнөп кетишкен.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, тоют жеткирип барган автоунаалар жерине барып, кайра кайтып келүүдө. Жолдо калып калган автоунаалар жок. Сырт өрөөнүндө табигый кырсыктан өлгөн малдын саны жана чыгымы такталууда.

Аймакта кар кѳчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий