• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каракол- Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бүгүн, 24-февралда күндүзгү саат 13:30дар чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 80-81-чакырымдарында болжол менен 12 миң куб метр кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда унаа жол жабык.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 2 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 атайын унаасы тартылып, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдарында кырсыктарды алдын алуу максатында 26-февралга чейин жол жабылган", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий