• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. “Каракол” эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп баштады, аэробекеттин пайдубалын куюу боюнча иштер аткарылып бүттү. Алдыда аэродромдун элементтерин реконструкциялоо – анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу, жана жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Объектти 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

Белгилей кетсек, курулуш иштери "МЭА" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен аткарылууда. Куруу иштери аяктаган соң жаңыланган “Каракол” аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Embraer 190 сыяктуу учактарды жана алардын аналогдорун чектөөсүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

Маалымат үчүн: “Каракол” эл аралык аэропорту 1971-жылдын 1-январында негизделген. Анын учуу-конуу тилкеси (өлчөмү 2 км X 35 м) 1978-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери аба майданында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. КР президенти Садыр Жапаров ушул жылдын май айында аталган аэропорттун жаңы бекетинин курулушуна капсула салган.

Пикир

Оставить комментарий