• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы 10 тоо лыжасы курортунун катарына кирди

Спорт 0

Бишкек,10.10.17./Кабар/. “ТурСтат” аналитикалык агенттиги быйылкы кышта эс алууга ыңгайлуу жана популярдуу болгон КМШ өлкөлөрүндөгү тоо лыжасы курортторун аныктады. Анда Каракол КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы 10 тоо лыжасы курортунун катарына кирген.

Маалыматка ылайык, Чимганда кышкы эс алуу бир канча эсе арзан болсо, Чимбулакта барынан кымбат болот.

Кышкы эс алуунун бюджети жатакана жана тамак ашты кошкондо Чимганда күнүнө 65$ түзөт, Караколдо болсо - 70$, Цахкадзордо- 80$, Силичах менен Логойскто – 85$, Шахдаг менен Туфандагте – 90$, Чимбулакта болсо күнүнө дээрдик – 100$.

КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы 10 тоо лыжасы курортунун катарына:

1. Шымбулак (Казакстан),

2. Шахдаг (Азербайжан),

3. Силичи (Беларусь),

4. Цахкадзор (Армения),

5. Чимган (Өзбекстан),

6. Каракол (Кыргызстан),

7. Логойск (Беларусь),

8. Туфандаг (Азербайжан),

9. Алтай альптары (Казакстан)

10. Якутия тоолору (Беларусь).

Пикир

Оставить комментарий