• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каракол КМШдагы эң мыкты 10 популярдуу тоо лыжа курортторунун катарына кирет

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. ТурСтат аналитикалык агенттиги россиялык туристтердин тоо лыжа эс алуусу үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу курорттордун рейтингин түздү.

Каракол россиялыктардын тоо лыжа турларынын популярдуулугу боюнча алдыңкы ондукка кирди.

Казакстандагы Шымбулак, Грузиядагы Гудаури, Азербайжандагы Шахдаг, Беларустагы Силичи, Армениядагы Цахкадзор, Өзбекстандагы Чимган, Кыргызстандагы Каракол, Беларустагы Логойск, Азербайжандагы Туфандаг жана Казакстандагы Алтай Альпы КМШ өлкөлөрүндөгү кышкы эс алуу үчүн курорттордун биринчи ондугуна кирген.

ТурСтаттын маалыматына караганда, Кыргызстандын тоо лыжа курортторуна 2019-жылы кышында орточо 7 күндүк эс алууну пландашууда. Караколдун туристтик бюджети күнүнө 75 долларга чейин жетет.

Баарынан арзан кышкы эс алуу Беларустун Силичи жана Логойск аймактарында болот.

Рейтинг 2018-2019-кышкы сезондогу туристтик саякаттардын анализинин жыйынтыктары боюнча түзүлгөн.

Топ-10 КМШ өлкөлөрүндөгү тоо лыжа курорттору:

1. Шымбулак, Казакстан

2. Гудаури, Грузия

3. Шахдаг, Азербайжан

4. Силичи, Беларусь

5. Цахкадзор, Армения

6. Чимган, Өзбекстан

7. Каракол, Кыргызстан

8. Логойск, Беларусь

9. Туфандаг, Азербайжан

10. Алтай Альпы, Казакстан.

Пикир

Оставить комментарий