• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Каракол – КМШнын маданий борбору. Жапаров кадырлуу чет элдик коноктор менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 02.07.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Каракол – 2022-жылдагы КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын алкагында жогорку даражалуу чет элдик коноктор – Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бекетжан Жумаханов, Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту.

Меймандар менен учурашып, Мамлекет башчысы бардыгын Каракол шаарына 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору макамынын ыйгарылгандыгына байланыштуу майрамдын ачылышы менен куттуктады. Бул кыргыз тарап үчүн чоң сыймык. Мындан тышкары, 2022-жыл КМШ өлкөлөрүндө Элдик чыгармачылык жана маданий мурас жылы деп жарыяланганы абдан маанилүү жана бүгүнкү иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү өлкө үчүн чоң мааниге ээ.

Садыр Жапаров КМШнын отуз жылдык тарыхында маданияттар аралык диалог Шериктештик өлкөлөрүнүн элдеринин жалпы гуманисттик баалуулуктарын түзүү жана сактоодо анын маанилүү ролун тастыктаганын билдирди. Жалпы маданий-гуманитардык мейкиндикти калыптандыруу КМШнын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

«КМШ мейкиндигинде маданий кызматташтык уламдан-улам жаңы багыттарды жана формаларды камтыган жаңы чектерге чыгып жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Шериктештик өлкөлөрүндө өтүп жаткан конференциялар, театр жана музыка фестивалдары, кинофорумдар жана башка долбоорлор жаңы чыгармачылык байланыштарды орнотууга көмөктөшөт. Маданият, туризм жана спорт көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп калышы үчүн Кыргызстан КМШдагы өнөктөштөрүбүз жана башка катышуучулар менен натыйжалуу жана максаттуу иштөөгө даяр», - деп белгиледи Президент.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин мейкиндигинде бир кезде байыркы мезгилде гүлдөп турган байыркы калктуу конуштардын туристтик объектилеринин реалдуу моделдерин модернизациялоо жана кайра жаратуу, заманбап лыжа тебүүчү жайларды куруу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин аймактарындагы курорттор жана комплекстерде сергек жашоо үчүн бекем негиз түзүү, спортчуларды, эл аралык мелдештерге, анын ичинде Олимпиада оюндарына катышуучуларды даярдоо үчүн КМШга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууну баштоону сунуштады.

Президент Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин туризмин өнүктүрүү үчүн эл аралык сыйлыкты түзүү зарылдыгы бышып жетилгенин, бул КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого жардам берерин белгиледи.

Өз кезегинде Россия Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын жетекчилигинин саламын айтты.

Ал белгилегендей, Россия менен Кыргызстанды тыгыз маданий гана эмес, саясий жана экономикалык мамилелер дагы байланыштырып турат, бул Россия үчүн абдан маанилүү. Эки тараптуу кызматташтык өзгөчө тарыхый мүнөзгө ээ. Каракол маданияттардын жана түрдүү этностордун айкалышын күбөлөндүргөн укмуштуудай шаар.

КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов Каракол укмуштуудай маданиятка каныккан жер бетиндеги чекит экенин айтып жана мен муну Шериктештиктин бардык өлкөлөрү менен бөлүшкүм келет деп кошумчалады. Кыргызстан КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондуну ишмердигинде өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеп кетүү кубанычтуу, анткени Шериктештиктин бардык өлкөлөрү кызыкдар болгон долбоорлордун көбү Кыргызстандан. Бул кыргыз элинин универсалдуу тарыхка, маданиятка жана өз ара түшүнүшүүгө болгон кызыгуусун көрсөтөт.

КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бекетжан Жумаханов Президент Садыр Жапаровдун КМШга мүчө-мамлекеттердин туризмин өнүктүрүү үчүн КМШнын сыйлыгын түзүү демилгесин колдоду.

Ал КМШ өлкөлөрүнүн эң көрүнүктүү тарыхый жерлерин камтыган «КМШ өлкөлөрүнүн асыл мончогу» аттуу жаңы долбоор иштелип жатканын билдирди.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов да Кыргызстандын бай жаратылышын жана маданиятын баса белгиледи. Бул эл аралык иш-чарага катышкандыгын зор канааттануу менен белгиледи.

Жолугушуу соңунда тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү мындан ары да улантууга кызыкдар экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий