• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каракол – КМШнын маданий борбору. Бүгүн расмий салтанат өтөт

Маданият 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына КМШнын маданий борбору статусунун ыйгарылгандыгына байланыштуу расмий салтанат өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын алдыңкы өнөр адамдарынын концерттик программасы тартууланып, КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин музыканттары, престиждүү музыкалык сынактардын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү майрамдык маанай тартуулашат.

Эске салсак, оркестрдин бул жылдагы негизги базасы болуп — Россия Федерациясынын эл артисти Сергей Скрипканын жетекчилиги астында Россиянын мамлекеттик кинематографиялык симфониялык оркестри болмокчу. Маэстро менен бирге дирижерлук подиумга Түркмөнстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин жетекчиси Расул Кылычев жана эл аралык конкурстардын лауреаты Константин Науменко чыгышат.

Ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнүн композиторлорунун классикалык жана популярдуу чыгармалары камтылган ырлар жаңырып, оркестр менен бирге Белоруссия, Казакстан жана Өзбекстандан эл аралык сынактардын лауреаттары Елена Надольская, Айбек Канатбек жана Акбар Атамухамедов, Азербайжан жана Россиядан келген солисттер Васиф Байрамов, Андрей Сорокин, Армения менен Молдовадан келген ырчылар Сона Варпетян жана Елена Демирджян эл алдына чыгып, Россиянын эмгек сиңирген артисти Анна Ковригинанын жетекчилиги менен белгилүү орусиялык “Воронеж кыздары” ансамбли өнөрлөрүн тартуулашат.

Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүп, ЭЛТР каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы: 21:00.

Пикир

Оставить комментарий