• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол мэриясы COVID-19 илдети менен күрөшүүгө 5,9 млн сом бөлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Каракол мэриясы COVID-19 илдети менен күрөшүүгө 5 млн 980 миң сом бөлдү. Мындай чечим бүгүн, 6-июлда Каракол шаардык кеңешинде кабыл алынды.

Каражат медициналык мобилдүү топторго жеке коргонуучу каражаттарын, кычкылтек концентраттарын, медициналык тез жардам автоунааларына күйүүчү майлоочу май жана медициналык коргонуу каражаттарын алууга жумшалмакчы.

Алсак, облустук бириктирилген ооруканасында 2 жасалма дем алдыруучу аппараты жана 10 кычкылтек концентраты иштейт.

Пикир

Оставить комментарий