• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө автоунаа берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө автоунаа тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа тапшыруу иш-чарасына Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, шаардык Кеңештин төрагасы Турат Акимканов жана Каракол шаардык кеңешинин депутаттары катышты. Аталган автаунаа коомдук коопсуздукту, тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн берилди.

Каракол шаарынын мэри белгилегендей, милиция кызматкерлери жарандарды коргоо менен бирге коомдук коопсуздукту камсыз кылат. “Сиздер мыйзам жана тартиптин сакчысы болосуздар. Биз силерди колдошубуз керек. Тынч иш күндөрүн, ден соолук, иштериңерге ийгилик каалайм! Сиздердин жогорку кесипкөйлүк, билимиңер, патриоттуулугунар Кыргызстан эли үчүн кызмат кылсын”, - деди Эрмат Жумаев.

Өз кезегинде Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абдыкеримов берилген автоунаа үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция кызматкерлери коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууда бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле, ал аталган автоунаа коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө жардам бере тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий