• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол шаардык милициясында тил күнүнө арналган конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Асель Анапияеванын катышуусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттик тилдин оратордук искусстводогу чеберчилигинин ролу” жана “Тил - улуттун баа жеткис зор байлыгы” аталышындагы бир жарым сааттык слайд жана тасманын коштоосу менен илимий конференция өткөзүлдү. Бул тууралуу Каракол шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада облустук жана шаардык милиция кызматкерлери тарабынан көркөм ыр айтуулар уюштурулду.

Ошондой эле облустун шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө филология мугалимдеринин катышуусу менен мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар, тегерек столдор уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий