• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каракол шаардык соту жаш өспүрүмдөргө аяр мамиле кылууну көздөйт

Аймак 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. Ысык-Көл областындагы Каракол шаардык сотунда эң биринчилерден болуп мыйзам менен чатагы бар балдар үчүн атайын бөлмө жана сот угууларынын залы ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл областык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 5-декабрында Каракол шаардык сотунда кылмыш курмандыгы же кылмыш иштер боюнча күбө катары катышкан жана мыйзам менен чатагы бар балдар үчүн атайын күтүү бөлмөсү жана сот угууларынын залынын расмий ачылышы болду.

Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиевдин айтымында, күтүү бөлмөсү жана сот угууларынын залы сот жараяны боюнча стресс алдындагы балдар үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Бөлмө зарыл болгон техникалык каражаттар, чакан китепкана, оюнчуктар, маалыматтык плакаттар, буклеттер менен ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, психологдор, юристтер, мугалимдер жана ата-энелер үчүн юридикалык адабият менен жабдылган.

Адатта, сот учурунда айыпталып жаткан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери тору жок сот угуулар залында өтөт. Мындай соттук угууларды адистешкен соттор мантиясыз өткөрүшөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, бөлмөлөр 2014-2018-жылдарга Кыргыз Республикасында балдар үчүн адилеттүүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын жана Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча сот адилеттигин моделдөө боюнча пилоттук долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин жана “Укук борбору ” Коомдук Фондусунун кызматташтыгы ошондой эле Улуу Британиянын Бишкектеги элчилигинин каржылык колдоосу менен жабдылган.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенова, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев, Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Айбек Молдакунов, Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиев, Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Робин Орд-Смит, БУУнун балдар фондусунун башчысы Юкиэ Мокуо жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү ошондой эле шаардык жана областтык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жактоочулар менен укук коргоочулар катышышты.

Пикир

Оставить комментарий