• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол шаары боюнча салык органынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка МСКнын төрагасы Кабыл Абдалиев 10-июнда кол койду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Буйрукка бөлүмдүн башчысы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө (пара алуу) Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 4-июнундагы соттук чечиминин негизинде кол коюлган.

Буга чейин аталган кызматкер алдын ала иликтөө жана соттук териштирүү мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын начальниги аталган факт боюнча кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматына ылайык эместиги жөнүндө эскертилген.

Пикир

Оставить комментарий