• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 03.01.22. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен 2-январь күнү Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат.

Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында КРнын Маданият министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.

Эстафетаны кабыл алуу концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 18-декабрында С.Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Душанбе – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Тадикистандагы элчилигинин кеңешчиси Медер Соорбеков катышкан. Жабылыш салтанаттын маданий программасына Тажикистан Республикасынын чакыруусу менен КРнын эмгек сиңирген артисти Гульзинат Суранчиева катышып келген.

Эске салсак, 2020-жылдын 18-декабрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинде 2022-жылы “Шериктештиктин маданий борборлору” мамлекеттер аралык программасын Кыргыз Республикасында ишке ашыруу боюнча чечими кабыл алынган. Чечимге ылайык, Каракол шаары 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болуп жарыяланган. Бул программа маданият чөйрөсүндө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу куралы болуу, экономикалык жана саясий кызматташуу үчүн жагымдуу климатты түзүүгө, ошондой эле гуманитардык, социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык өнүктүрүүгө багыт алат.

Бул мүмкүнчүлүк менен маданий борбор болгон шаар өзүнүн бай тарыхын жана өзгөчө маданиятын толугураак ачып берүүгө жана коомдун көңүлүн алардын эбегейсиз бай мурастарына бурууга шарт түзөт.

Ал эми 2022- жылы Каракол шаарында өтө турган маданий программалар боюнча маалыматтар министрлик тарабынан байма-бай берилип турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий