• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол Түркиянын шаарлары менен кызматташтыгын өркүндөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Каракол Түркиянын шаарлары менен кызматташтыгын өркүндөтүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул күндөрү Каракол шаарына Түркиянын Үч-Хисар, Гебзе жана Конья шаарларынын өкүлдөрү жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалиттеринин биримдигинин башкы катчысы келди.

Алардын иш сапарынын алкагында 1-июнда Пристань-Прежевалск айыл аймагындагы боордош түрк элинин колдоосу менен оңдоо иштери жүргүзүлгөн мемориалдык музей комплексиндеги оңдоо иштери бүткөн атайын бурчтун ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Түрксой уюмунун төрагасы Султан Раев, Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары жана ошондой эле Түркиядан келген делегация өкүлдөрү катышты.

Облус жетекчилиги жана Каракол шаар башчысы шаардагы тарыхый-маданий комплексти оңдоо иштерин жүргүзүп, комплекстин өнүүгүсүнө кошкон салымдары үчүн боордош элге ыраазычылык айтып, мындан ары кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле мэр Чыңгыз Бапаев Гебзе шаарынын башчысы менен Каракол шаарындагы Гебзе көчөсүнүн оңдоо иштери менен таанышып чыкты. Анда Гебзе шаарынын мэри көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана башка иштерди алып бараарын демилгеледи.

Пикир

Оставить комментарий