• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол шаарында 3 унаа өрттөндү (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Каракол шаарында 3 унаа өрттөнүп кетти, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда болжол менен саат 17:38дер чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карасаев-Масалиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа оңдоочу жайда 3 унаанын сырттары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 17:48де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий