• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол шаарында айдоочу жолдун ортосунда дрифт уюштурган

Аймак 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Каракол шаарында жолдун ортосунда дрифт уюштурган айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июлда "Тойота-Карина" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаңыдан реконструкция иштери аяктап, асфальт төшөлгөн шаардын негизги көчөлөрүнүн биринде дрифт уюштурган. Бул жосунсуз окуяга күбө болгондор дароо Каракол ШИИБге билдиришкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан тийиштүү чара көрүлүп, аталган унаанын айдоочусу аныкталып кармалган. Ал Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну К.Б болгон.

Жол эрежесин бузган жаранга Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси ("Автоээнбаштык") негизинде протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, унаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий