• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Каракол шаарында автоунаа уурдаган 2 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Каракол шаарында автоунаа уурдаган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25нен 26-апрелге караган түнү саат 00:35 чамаларында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына 23 жаштагы жергиликтүү тургундан кабар түшкөн, анда белгисиз адамдар короосунда токтотуп койгон «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган кабар боюнча шаардын ичинде «Перехват» иш-чарасы киргизилип, атайын посттор коюлуп, өздөрүнө бөлүнүп берилген маршруттарда кайгуул күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан милициянын мобилдик топторуна маалымат берилген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө милициянын мобилдик тобунун курамында кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери уурдалган автоунааны шаардын көчөлөрүнүн биринде байкап калышып, аны уурдаган шектүүлөрдү колго түшүрүүгө үлгүрүшкөн. Алар Каракол шаарынын 20 жаштагы А.Д. жана 22 жаштагы К.Б. аттуу тургундары болуп чыгышкан.

Алгачкы суракта шектүүлөр өздөрүнүн күнөөлөрүн моюнуна алышып, башка адамга тиешелүү автоунааны өз алдынча айдап кетишкенин билдиришкен.

Аталган факты боюнча чогулган материалдар Каракол ШИИБдин тергөө кызматына тергөө-процессуалдык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий