• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол шаарында дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала табылды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн тургунунан 5 жаштагы баласы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жеринде издөө иштерин жүргүзүү максатында куткаруучулар тартылып, саат 20:35те бала табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Баланын абалы жакшы.

Пикир

Оставить комментарий